Nokia 6303i Classic - Санарип укуктарды колдонуу системасы

background image

Санарип укуктарды колдонуу системасы
Мазмун ээлери санарип укуктардын колдонуу системанын (DRM) ар кандай түрлөрүн өзүнүн интеллектуалдык

менчикти, анын ичинде автордук укуктарын, коргоого пайдалана алышат. Бул аспапта DRM тарабынан корголгон

мазмунга кирип кетүүгө DRM программанын ар кандай түрлөрү керектелген. Бул аспап менен сизге WMDRM 10, OMA

Жашыл кулак кагыштар

63

background image

DRM 1.0, OMA DRM 1.0 алдыңкы кулпу, жана OMA DRM 2.0 аркылуу корголгон мазмунду кирип ачууга болот. Эгерде

кандайдыр DRM программанын мазмунду коргоодо жөндөмсүздүгү билинсе, мазмун ээлери андай DRM

программанын жаңы DRM коргогон жаңы мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн кайтартууну суранышса болот. Андай

кайтаруу аспабыңызда эмитен болгон DRM коргогон мазмундун жаңыртуусуна тоскоол кылышы мүмкүн. Андай DRM

программанын кайтаруусу башка DRM коргогон же DRM тарабынан коргоосу жок мазмундун пайдалануусуна жолтоо

туудурбайт.

DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү лицензия менен кошо келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга болгон

укугуңузду тастыктайт.

Эгер Cиздин аппаратыңызда OMA DRM тарабынан корголгон маалымат болсо, анын лицензиясын жана камтылган

мазмунду сактоого, Nokia Ovi Suite камдык сактоо өзгөчөлүгүн колдонуш керек.

Сиздин аппаратыныздын эси форматталгандан кийин OMA DRM менен коргоолгон мазмунду пайдаланууну улантуу

үчүн керек болгон лицензия башка берүү жолдору менен өткөрүлбөй калышы мүмкүн. Сиздин аппараттагы файлдар

бузулуп калса, лицензияны кайра калыбына келтирүүгө туура келет.

Эгер аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон мазмун болсо, лицензия жана мазмундун өзү форматталган

эстутум менен тең жок болушу мүмкүн. Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз лицензия жана камтылган

мазмунду жоготуп калышыңыз мүмкүн. Лицензия же корголгон маалыматты жоготуу аппаратыңыз менен ошол эле

мазмунду колдонуу мумкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө

кайрылыгыңыз.

Кээ бир лицензия SIM карта бир түрүнө байланышкан болушу мүмкүн жана корголгон мазмунду SIM карта аспапка

коюлган учурда гана көрүүгө болот.