Nokia 6303i Classic - Кирүү коддор

background image

Кирүү коддор
Түзүлүшүңүз, кирүү коддорун жана коопсуздук орнотууларын кандай

колдоноорун орнотуу үчүн,

Меню

>

Орнотуулар

жана

Коопсуздук

>

Кирүүчү

коддор

дегенди тандаңыз.

Коргоо коду аспабыңызды уруксатсыз пайдалануудан сактап калат. Алдын

ала коюлган код 12345. Сиз кодду өзгөртүп жана да аспапты код сураттырып

кое аласыз. Кээ бир операциялардын аткаралышы, орнотуулардын

болгонуна карабастан, мисалы, заводдук орнотууларын калыбына

келтирүүдө, коопсуздук кодду талап кылат. Кодду көмүскөй жана аспаптан

бөлөк бек жерге сактап жүрүңүз. Эгер сиз кодду унутуп жана аспабыңыз

бекилип калса, аспабыңызды ачууга тейлөө кызматына муктаж болосуз.

Кошумча акча төлөнүп жана аспабыңыздагы баардык жеке маалымат жок

болуп калышы мүмкүн. Дагы маалымат үчүн Nokia Care жайына же сиздин

аспаптын дилерине кайрылыңыз.

SIM картаны анын PIN коду уруксатсыз пайдалануудан сактайт.

SIM картанын PIN2 кодуна кээ бир кызматтарды керектелүүдө талап кылынат.

PUK жана PUK2 коддору SIM карта менен кошо берилиши мүмкүн. Эгер сиз

PIN кодун киргизүү аракетинде үч жолу катар менен жаңылышсаңыз,

сизден PUK коду суранылат. Коддор кошо берилген болбосо, өзүңүздүн

кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.

Четтетүү жашыруун сөзү, чалууларды четтетүү кызматын колдонууда,

түзүлүшүңүздөн (тармак кызматы) чыгуучу жана кирүүчү чалууларды

четтетүү үчүн, талап кылынат.

Браузердин коопсуздук модуль орнотууларын көрүү же өзгөртүү үчүн,

Меню

>

Орнотуулар

жана

Коопсуздук

>

Корго модуль орнт.

тандаңыз.

12

Аны жандыруу